Кочкор районунда 2 кызын тумчуктуруп өлтүргөн аял 20 жылга эркинен ажыратылды

Кочкор районунда 2 кызын тумчуктуруп өлтүргөн аял 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда SUPER.KG порталына Кочкор райондук сотунун төрагасы Мелбек Султаналиев билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү өкүм 2016-жылдын 28-декабрында чыгарылган. Ага ылайык, Айнура Курманалиева Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле жазасын аялдардын түзөтүү абагында өтөй турганы белгиленген.

Айта кетсек, 2016-жылдын 16-октябрь күнү саат 12:00 чамасында милицияга Кочкор районуна караштуу Чекилдек айылындагы үйлөрдүн биринен 2013-жылы туулган Эльвира жана 2014-жылы туулган Раяна аттуу кыздардын жансыз денелери табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 30 жаштагы кыздардын апасы кармалган. Иликтөөдө шектүү кыздарын пакет менен тумчуктуруп өлтүргөнү аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
akil.91
2017-01-10 13:55:45
Силерди да тушунуу кыйын. Башта атын толук жазып аягында да. А.К. деп.
+2
ruslanz
2017-01-10 14:05:33
Эми окмот 20 жыл багат турбайбы.
+2
Seiil.94
2017-01-10 15:37:11
тообо тообо тообо эне жырткыч
0
Slesa
2017-01-10 21:23:50
20 жылга жетпей ал капут болот.
Оз жанынан жаралган балдарын олтургон адам туну тынч уктай алат дейсинерби.Анын жашоо турмосуз деле тозоко айланды озуну озу жеп бутурот бул аял. Абийир азабы жаман.
0
ainura220888
2017-01-10 23:01:20
Кызымы садике алып барып кайра саат бешти кутом алып келгиче колума иш барбайт улам саат карай берем. Барсам кызым чуркап мамааа деп чыкса кучактап жытап жытап алам. Кантип колу барды наристелерди олтургонго ишене албайм. Психический оорулуу болсо керек.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан