Баткен облусунун Сүлүктү шаарында, алдын ала алынган маалымат боюнча, 2017-жылдын 10-январында саат 14:10дө "Раимберди" жоопкерчилиги чектелген коомунун шахтасында көмүр урандылары көчүп, натыйжада көмүр казып жаткан адамды басып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
"Окуя болгон жерге ӨКМнын 1-өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары чыгып кетишти", - деп айтылат маалыматта.