Албек Ибраимов кайрадан Бишкектин мэри болуп шайланды

Бүгүн, 11-январда Бишкектин мэрин шайлоо өттү.

11:20. Бишкек мэрлигине талапкер Албек Ибраимов 29 добуш топтоду. Анын атаандашы Нурдин Абдылдаев 12 добушка ээ болду. "Баарына каршы" деп 2 депутат добуш берди. Жыйынтыгында Албек Ибраимов Бишкек мэри болуп шайланды.

11:10. Бишкек мэрлигине талапкерлерге добуш берүү процедурасы аяктады. Жалпысынан 43 депутат добуш берди. Учурда талапкерлердин канча добуштан топтогонун эсептөө жүрүүдө.

11:00. Бишкектин мэрлигине талапкерлерге добуш берүү өтүп жаткан залда сырттагы митингчилердин кыйкырыктары угулууда. Алар "Бишкек Ибраимовду колдойт!", "Бишкек Ибраимов менен!" деп кыйкырышууда. Митинг саат 9:00дө башталган.

10:40. Бишкек мэрин шайлоодо депутаттар добуш берип жатышат. Анын жүрүшүндө "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаттардын баары залдан чыгып кетишти. Буга чейин алар фракция кимге добуш берерин алдын ала чечкенин билдиришкен. Фракциянын депутаттары кезеги менен добуш берүүгө катышууда.

10:30. Бишкек мэрин шайлоодо депутаттар добуш берүүгө өтүштү. Процедура башталар алдында аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү журналисттерден сыртка чыгууну суранды. Мындай суранычын ал журналисттер депутаттарга тоскоолдук жаратып жатышканы менен түшүндүрдү.

10:20. Шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Мүзүралиев фракциялар талапкерлердин программалары менен таанышып бүткөнүн айтты. Андан соң ал добуш берүүгө өтүүнү суранды. "Өнүгүү-Прогресстин" депутаттары талапкерлерге сөз сүйлөөгө 5 мүнөттөн берүү керектигин билдиришти. "Биз эмнени жашырып жатабыз? Талапкерлер өз программалары менен журналисттерди, шаардыктарды тааныштырсын. Эгер бир талапкер сүйлөгүсү келбесе, экинчисине мүмкүнчүлүк берели", - дешти "Өнүгүү-Прогресстин" депутаттары.

КСДП менен "Республика-Ата Журт" фракцияларынын депутаттары бул демилгеге каршы чыгышты. "Азыр добуш берүүгө өтсөк туура болот. Мыйзам боюнча, азыр эч кандай агитация болбош керек. Жөн эле пиар аракеттерин токтотолу", - деп чакырышты коалицияга кирген депутаттар.

Аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү кайым атышууну токтотуп, добуш берүүгө өтүүнү суранышты.

10:10. Бишкек мэрин шайлоо мамлекеттик гимнди угуу менен башталды. Шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Мүзүралиев эгер шайлоодо талапкер 23төн кем эмес добуш топтосо, ал жеңүүчү деп табыларын эскертти.

Албек Ибраимов кайрадан Бишкек шаарынын мэри болуп шайланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
A3A
2017-01-11 10:50:58
Бирин кайын бирин тал,
жутарлардын (толька жутарлар) бироосy да калбасын
+1
leilekstan_1987
2017-01-11 10:55:48
Ушу Албек деген неме шайланбай калса экен
+3
asad345
2017-01-11 11:05:40
Ээ туугандар, бутуп бараткан дунуйо, чогуп бараткан кеме менен эч кимдин иши жок...
-1
metsenat
2017-01-11 11:27:39
Бишкек шаары кайрадан 'деревняга ' айланды. Уялам шак сайын чайкана самсакана . Борбор деген аты очкону жатат, мусор балит туну журуштон коркосун капкарангы кээ бир жерлери.......
+3
mambo-1984
2017-01-11 11:41:54
Митингчилер Бишкектин эли силер менен дегендей ошол 100 жакын адам Бишкектиктердин атынан суйлобой эле койсо болмок.
+6
Dimonbek
2017-01-11 13:01:44
mambo-1984,ошол 45 депутатты Бишкектиктер шайлады го. Шайлоодогу жоопкерчиликти сезген коом курула элек бизде. Шайлоочулар кандай болсо шайлануучулар да ошондой. Анткени ошол коомдун активдери. Күнөө сенде , менде, баарыбызда. Ар бирибиз өзүбүздөн баштайлы
+4
jakilik
2017-01-11 11:56:42
Шаар МЭРин Бишкек шаарынын эли шайласа жакшы болмок. Бишкектиктер
+4
KGstan1981
2017-01-11 12:05:59
Жарыктык лампочка коюш учун дагын 10 млн евро процентке кредит алган Атамбаевтин мэри Албек Ибраимовко алкыш айтамын(браво)))))
+3
PERSONAL
2017-01-11 13:10:52
Саткын депутаттар адаттагысындай эле сатылып кетиптирда чоолор.
+3
stimyl.kg
2017-01-11 14:00:55
Албек баарибир болмок. Анткени булар оз ордун жоготпоо учун любой кадамга барышат. Албекти колдоп 100адам келди деп кулкуну келтиришет. Чыныгы шаардын тургундары келген эмес карап корсон,азмаз акча берип баягы эле студенттерди,мамлекеттик кызматкерлерди алып келип кыйкыртып койушту да. Уяты жоктор. Кимдин кимдин заманы,атамбаевский кадрлардын заманы. Коробуз кыйратып иштеерин.
+3
nuris_ali
2017-01-11 17:17:39
Шайлаганы Бир Адам столду тегеректеп канча Адам отурат булардын баары эмне жумуш кылат,ушунча журналисти эмнеге киргизет,басканга орун жок корунот,
0
nuris_ali
2017-01-11 17:20:48
Анан дагы Бир видеодон кордум кийит кийгизип колуна камчы карматты Ибраимовко ошого окшогон нерсенин эмне кереги бар же мэр ошону кийип алып жумушка келбесе!Эмеле кошоматчылык башталган го корунот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан