Ошто өзүн ырчымын деп тааныштырган кыз милициянын кашын жара тепти

Ошто өзүн ырчымын деп тааныштырган кыз милициянын кашын жара тепти. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 13-январга караган түнү Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Ош ШИИБинин Патрулдук милициясы Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унааны токтоткон, бирок айдоочу баш ийбей качып жөнөгөн. Патрулдук милициянын кызматкерлери аркасынан кууп барышып, акыры токтотушкан. Ошол учурда ичинен өзүн журналист, эл тааныган ырчы катары тааныштырган кыз түшүп, ар кимге телефон чалып Патрулдук милициянын кызматкерлерин коркуткан. Кийин унаасын айып жайга токтотуу үчүн алдына отурган Патрулдук милициянын кызматкеринин кашын арткы орундуктан буту менен жара тепкен.

"Ошол учурда кыз мас абалда болгон. "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дейт Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Социалдык тармактарда милициянын кашын жара тепкен кыз Алтынай Жайнакова экени айтылууда. Анын Фейсбуктагы баракчасында "Ош ТВ" телеканалында иштейт деп жазылган. Аталган канал ал кыз болгону стажировкадан өтүп кеткенин билдирди.

Ошто "ырчы" кыз милициянын кашын жара тепти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (49)
kyrgyz-patriotu
2017-01-14 10:28:13
Мыйзам баарына бирдей, эрежени бузса жооп берсин эмне кылат качып? Мас болгону эмнеси экен? Кыргыздын кыздары качан ушинтип журчу эле?!
+1
NARYNGRAD
2017-01-14 12:49:09
Ош жылуу экен да, мини юбка, жука кийимчен жүрүшөт. Бизде Нарында күндүн суугунан үч шым кийип көчөгө чыксак шорты менен жүргөндөй сезилет. :-(
+7
Aldyiar
2017-01-14 13:05:16
Тарбия корбогон кыз экен XXX
+4
admin_portal
2017-01-16 11:06:24
Aldyiar, bakaiBBBB, этика нормаларын сактаңыздар!
0
realbek89
2017-01-14 13:22:40
Уят эле э
+1
MAHXETTAH
2017-01-14 13:34:44
Каргаага тенелем деп, каздын буту сыныптыр дегендей Айгеримге тенелгенби? Анынынго акчасы коп экен кутулуп кетти бул кыз неге анча катуу кетиптир экен...
+3
Defnejim
2017-01-14 14:01:00
Ойгонсо эле звезда болуп калды да бул кыз,озунун тарбиясыздыгы менен.))
+3
gulperi.kg
2017-01-14 15:09:20
Докчу милициялар го.Ушу милициялар аял кишиге кандай мамиле кылышты да билишпейт.Буга окшогон масстан далайын кармашат алкымы чон немелер акчасын алып жеп тынч эле кетирип ийишет го ызы чуусу жок эле.Муну очошкон эле бироо сразу эле баарына кабарлап ийгенго.
-4
Jumaakb
2017-01-14 15:49:27
Жакшы нерсе болбоптур!!! Видеону тарткан адам бир максатты көздөгөн. Менимче атайын даярданышканго. Мынчалык деңгээлде тартып чыгарбаш керек эле. Кыз бала ичип алса да бираз сыйлап, видеону тарттырбаса мынчалык абийири төгүлмөк эмес. Ит үрө берет, кербен жүрө берет.
-2
Miya.solnce
2017-01-14 17:29:33
Jumaakb,Изкубар телеберуусундо тартылган. Бул телеберуу ушуга окшогон бей баштарды тартат видео доказательство.
+2
senchi
2017-01-14 18:07:52
Кышта шымы жок кызды кантип тушунсо болот. Кимдин кызы болсода ата энесин жер караттыго.
+1
gulperi.kg
2017-01-14 22:56:18
Кызды суйлоп атканда байкасар менин машинамы сындырып коюп кечирим сурап уйго барбадынар беле деген жери бар экен вооот ошондо кызга очошуп калган.Бул "подстава".Бул пландалган иш.Кыздын мас болуп чыкканын пайлап журуп колго тушурушкон.Очошкон бироо да .Болбосо буга окшогон мастардын далайы тоготпой отуп кетишет го
-2
raykray
2017-01-14 23:56:46
Жакшы айтпадын кызга куюп берип мас кылган деп, уят просто уят, тарбиясы жок ата эне бир туугандарын жер каратты!
+2
Bubu88
2017-01-15 04:01:17
Кирпиги кантет кутурган иттин жунундой болуп уйпаланып өзүнө го билбейм бирок балана өтө чоң минус болду чоңоюп акыл эсине кирип ушул окуяны укчу болсо бетин кантип караар экенсиң
+3
bond02
2017-01-15 09:08:01
Кечээ кармалып болгондо да милиция кызматкерине кол которуп анан эртеси чыгып концертке кетип жатса милицияны ким сыйлайт анан, убактылуу кармоочу жайда бир аз тартипке салып андан кийин кое берсенер болмок, озунорду озунор уят кылдынар да милиция кызматкерлери.
0
arzygulR
2017-01-15 17:49:19
Эээхей эмнеси болсо да кыз деген кыздай эле болбойбу кечинде минтип жургону эмнеси уят уят
+3
KOCMOC
2018-04-24 08:33:54
Уят, уят!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан