"Манас" Эл аралык аэропортуна жакын Курулуш башкармалыгынын дачаларына кулап түшкөн учак боюнча жеринен кабарчыларыбыз маалымат беришүүдө. Учурда аталган аймактагы кыйраган үйлөрдүн айланасы курчоого алынып, үй-жайы зыянга учураган жарандарга чатырлар тигилип, киргизилүүдө. ӨКМ, куткаруу бөлүмү, Өрт өчүрүү кызматы, "Тез жардам" кызматы бардык тараптан иш алып барышууда. Атайын курам үйрөтүлгөн иттер менен келип, урандылардын алдын казып, адамдардын денелерин, ошондой эле дене мүчөлөрүн алып чыгышууда. Демек, каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экени айтылууда.
Акыркы учурда аталган айылда эл каттоо жүргүзүлбөгөндүктөн, жашоочулардын саны так эмес болгон. Жергиликтүү тургундардын айтымында учак жерге кулап түшкөндө 60-65ке жакын үйдү, бак-дарактарды сүрүп, тегиздеп кеткен. Учак азыр дагы күйүп жатканы маалым болду. Өрт толук өчүрүлө элек. Ал эми учак кулаган аймактын аянты болжол менен узунунан 350, туурасынан 75 метрди ээлейт.
Каргашалуу кырсык боюнча тийиштүү органдардан турган комиссия түзүлгөндүгү маалым болду. Комиссияны биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеп, курамына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Транспорт жана жол министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, УКМКнын, Чүй облусунун жетекчилери кирди.