"Кыргызаэронавигация": "Учак конор маалда туман тарап, көрүү нормалдуу болгондуктан ага конууга уруксат берилген"

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Чүй облусундагы авиациялык кырсык орун алган жайга барып, тийиштүү мамлекеттик органдарга Боинг 747 жүк ташуучу учагынын кыйроосунан келип чыккан кесепеттерди жоюу боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүүнү тапшырды.

"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Улукбек Рахманов маалымадагандай, учак конор маалда туман тарап, көрүү нормалдуу болгондуктан ага конууга уруксат берилген.

Өкмөт башчы каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына максималдуу түрдө колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгын белгилеп, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго жана саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү иштерди уюштурууну тапшырды.

Бишкекте калктуу аймакка учак кулап түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан