Баткен облусунда быйыл 2017-жылы таза суу маселеси чечилет. Мындай маалымат бүгүн, 17-январда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттарынын төрагалары менен жолугушуусунда айтылды.
"Быйыл Баткен облусундагы таза суу көйгөйүн чечүү үчүн 28 миллиард сом каралат. Бөлүнүүчү каражат облустун жаңы өнүгүү программасынын негизинде ишке ашырылат. Мындан сырткары
жыйындын жүрүшүндө чарба багытында кичи өнөр жай ишканаларын ачуу, тамчылатып сугаруу системин жана күнөсканаларды куруу маселелери көтөрүлдү", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Белгилүү болгондой, Баткен облусунда 3 район, 3 шаар бар.