Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынын эки тургуну 16-январдан бери дайынсыз болууда. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 18-январда билдирди.
Аталган айылдын тургундары 16-январда балык уулоого чыгып кетип, ошол боюнча кайтып келишкен эмес. Кечээ, 17-январда ӨКМнын куткаруучулары издөө иштерин башташты, бирок натыйжа болгон жок.
Азыркы учурда издөө иштери уланууда.