"Өкмөттүн авиакырсыктан жабыркандарга 70 миң сомдон эле сунуштаганы уят", - деди бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Салянова ("Ата Мекен").
Анын айтымында, кырсыктан улам жабыркагандарга жана каза тапкандардын жакындарына 1 миллион сомдон бөлүп берүү керек. "Бир нече үй-бүлө курман болду. Алардын жакындарына 1 миллион сомдон бөлүнүп берилсе да аздык кылат", - деди Салянова.
Айта кетсек, 16-январь күнү эртең менен "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Аэрофлот дачалык тилкесине жүк ташуучу учак кулап, жалпы 38 адамдын өмүрүн алган. Өкмөт жабыркагандарга жана каза тапкандардын жакындарына 70 миң сомдон жардам берилерин билдирсе, президент 100 миң сомдон, Жогорку Кеңештин төрагасы 80 миң сомдон бөлгөнү жатат. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Улан Примов кесиптештерине үч күндүк эмгек акысын авиакырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө которууну сунуштаган.