Атасы каза болуп Нарынга кеткен Руслан Белеков учак кырсыгынан 2 кызынан айрылган. Ал бүгүн, 18-январда кыздарын Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында жерге берди.
Руслан Белековдун өзүнүн үйү түп орду менен талкалангандыктан, жерге берүү зыйнаты жакын тууганынын үйүндө өткөн. Эскерте кетсек, анын кыздары Мадина Белекова 2003-жылы, Адинай Белекова 2010-жылы туулган.
Маалыматка ылайык, аталган айылда учак 20дан ашуун үйдү талкалап кеткен.
"16-январда таңга маал айылыбыз дүрбөлөңгө түшүп, чаңы сапырылып жатып калды. Кошунам эки кызынан айрылды. Кырсык болгон күндөн бери уйку жок. Тамак ичкенге табит тартпай жатат", - дейт Руслан Белековдун кошунасы Жамийла Чоюбекова.