Авиакырсыктан каза болгон Ош облусунун тургундары жерге берилди

Бүгүн, 18-январда Чүй облусундагы авиакырсыктан улам каза болгон Өзгөн районунун тургуну 1966-жылы туулган Сүйүнбай Баатыров, Алай районунун Корул айылынын тургуну 1976-жылы туулган Айниса Калимова, Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургундары 1959-жылы туулган Бунавар Орозбаева, 1989-жылы туулган Айжамал Орозбаева жана 2005-жылы туулган Тимур Максатбеков менен 2006-жылы туулган Айбол Шайырбек уулу жерге берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маркумдарды жерге берүү зыйнатына Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов катышып, жакындарына көңүл айтып, акчалай жардамдарды тапшырды.

"Бул кырсык жалпы элдин кайгысына айланды. Баарыбыздын кабыргабыз кайышып, жүрөгүбүз канап турат. Айла жок, Кудайдын өкүмү экен, жаман окуя болуп кетти. Баарыңыздарга сабыр тилеймин. Мындай жаман күн эч кимдин башына түшпөсүн. Мамлекет башчыбыз Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчыбыз Сооронбай Жээнбеков да сиздерге көңүл айтып, аза кайгыңыздарды тең бөлүшөрүн жеткирип коюуну тапшырышты. Бул кырсыкты Ош облусунун эли да терең кайгыруу менен кабыл алды. Учурда кырсыктан жабыр тарткан жарандарга көмөк көрсөтүү максатында райондордо атайын штабдар түзүлүп, эл колунан келген нерсесин берип жатат. Адам өмүрүн алган кырсыктар мамлекетибизде мындан ары болбосун. Каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун", - деп көңүл айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Altai85
2017-01-18 17:32:51
Жаман иш болуптур туугандар сабыр кылыныздар Аллахым жаннатан берген болсун.
+3
nura.177
2017-01-18 18:12:55
Жаман иш болду, кудай сактасын ар пендесин
0
tatynam_88
2017-01-18 23:03:50
Адам аттары ташымалданбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан