Ош шаарында "интимдик кызмат көрсөтүүчү жашыруун жай уюштурган" деген шек менен саунанын администратору кармалды Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-январь күнү Оштогу сауналардын бири текшерүүгө алынган. Анда саунада жашыруун интимдик кызмат көрсөтүүчү жай бар экени аныкталган. Бул кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Т.У. аттуу администратор кармалган. Ал ошол жерге барган кардардан сауна акысы үчүн 500 сом, ал эми кыздын акысы үчүн 1500 сом сурап, кийин 1800 сомго макул болгон. Администратордун чакыруусу менен келген кыз 1995-жылы туулган А.А. болуп чыкты. Айтымында, ата-энеси менен уруша кетип, курсагын тойгузуу үчүн ушундай жолго барган.
Учурда шектүү катары кармалган Т.У. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.