Боинг кырсыгы: Учактагы жүктөр кимге таандык экенин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңеште 16-январда "Манас" Эл аралык аэропортунда кырсыкка учураган Боинг 747-400 учагынын бортундагы жүктөрдүн кимге таандык экенин иликтей турган убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирди:

КСДП фракциясынан: Жанар Акаев, Мурадыл Мадеминов, Искендер Кадыркулов;

"Кыргызстан" фракциясынан: Канат Исаев, Алмаз Баатырбеков;

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан: Мирлан Бакиров;

"Бир бол" фракциясынан: Мыктыбек Абдылдаев;

"Ата Мекен" фракциясынан: Өмүрбек Текебаев;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан: Курманкул Зулушев, Максат Сабиров, Болотбек Ибраимжанов.

Эске салсак, авиакырсыкка кабылган Гонконг–Бишкек–Стамбул каттамындагы жүк ташуучу Боинг 747-400 учагынын бортунда 85,5 тонна жүк болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан