16-январдагы авиакырсык учурунда куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан аскерлер уюлдук телефон издешти. Мындай маалыматты камтыган видео "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлдү.
Кырсык болгон учурда куткаруу иштерине тартылган аскерлер жергиликтүү жашоочуларды аймактан сыртка чыгарып жиберишкен. Өздөрү түн ичинде жерди чукулап телефон издешкенин жергиликтүү тургундар айтып беришкен.
Эске салсак, буга чейин "кырсык болгон аймактан телефон уурдаган" деген шек менен укук коргоочулар тарабынан жергиликтүү эки тургун кармалып, тартылган видеосу массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка тараган.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.