Учак кырсыгынан каза болгон экипаждын 3 мүчөсүнүн сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, аларды акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ, 19-январда Стамбулдагы мечиттердин биринде өттү. Андан соң маркумдун жакындары Ибрагим Даранжынын сөөгүн Балыкесирге, Казым Өндүлдүн сөөгүн Коньяга жана Ихсан Кожанын сөөгүн Эскишехирге алып кетишти.
Ал эми төртүнчү экипаж мүчөсү Мелих Асландыкы делген сөөк өлүк сактоочу жайда. Учурда тиешелүү экспертизалар жүрүүдө. Аныкталган соң мекенине жөнөтүлөт.
Айта кетсек, 16-январда Чүй облусундагы Аэрофлот дачалык тилкесине Түркиянын жүк ташуучу учагы кулап түшүп, кырсыктын кесепетинен 34 Кыргыз жараны жана 4 экипаж мүчөсү каза тапкан.