Базар-Коргон районунда 17-январда 10-класстын окуучусу мектептин чатырынан кулап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Авиакырсыктан жабыркагандарга багышталган аза күтүү күнүндө Жаңы-Акман айылындагы Токтогул атындагы мектептин жетекчилиги чатырда илинип турган желекти алып түшүүнү окуучуга тапшырган. Чатырдын үстүнө чыккан окуучунун буту тайгаланып, кулап кеткен. Ал баш мээси чайкалган абалда ооруканага жеткирилген. Баланын абалы учурда жакшы. Мектептеги окуя боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен окуяга баа берилет. Азырынча экспертизанын жыйынтыгы чыга элек", - деп билдирди басма сөз кызматынын адиси.
Маалыматка ылайык, райондук мамлекеттик администрация, билим берүү бөлүмү жана мектептин ата-энелер комитети чукул жыйын өткөрүшкөн. Жыйында ата-энелер тарабынан директорду кызматынан бошотуу талабы коюлган.