Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулаймановдун айлык акысы 32 миң сом. Бул тууралуу ал өзү бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда билдирди.
Анын айтымында, ал жыл жыйынтыгы боюнча сый акысын азырынча ала электигине байланыштуу көлөмүн айта алган жок. "Жыл ичинде Бажы кызматы 29,3 миллиард сом топтоду. Акча мамлекеттик бюджетке өткөрүлөт, 0,15 пайызы Бажы кызматынын бюджетинде калат. Мекеменин штаты 1267 кызматкерге каралган", - деди чиновник.