Бүгүн, 24-январда Сокулук районунун Жарандык коргонуу комиссиясы авиакырсыктан жабыркаган үй ээлерине 150 даана шифер таратты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"23-январда Боинг 747 учагынын кыйрашынан улам жабыркагандарга 150 даана шифер жеткирилген. Алар бүгүн чатыры ураган үй ээлерине таратылды. Эми тургундар чатырын калыбына келтире алышат", - деп айтылат маалыматта.