Көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган Жайлообек Талип уулу эки көзүнө операция жасатууга Москвага жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда SUPER.KG порталына Жайлообектин жубайы Бактыгүл Сыдыкова билдирди.
"Коомчулуктан жардам сурап кайрылып, чогулган акча менен жолдошумду Москва шаарына көзүнө операция жасатууга жибердик. Буюрса, көзү көрүп келет деп үмүт кылып жатабыз. Жардам бергендерге ыраазычылык билдиремин", - дейт Сыдыкова.
Бишкекте операция жолу менен төрөгөн Бактыгүл Сыдыкованы караган Жайлообектин таежеси Бурул Кайкыева жээнинин каны аз экенин, мындан улам азыр операция жасатууга болбой турганын айтты.
"Учурда дарыгерлер тарабынан Жайлообектин канын нормалдаштыруу аракети көрүлүп жатат. Дарыгерлер каны нормалдашса операция жасалат дешүүдө. Мен бул жакта Жайлообектин жубайын, эки баласын карап жатам", - деди Кайкыева.
Эске салсак, буга чейин Жайлообек Талип уулунун үй-бүлөсү жардамга муктаж болуп коомчулукка кайрылган.