Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) депутат Аида Салянова 31-январда суракка келбегенин тастыктады. Саляновага дагы бир чакыруу жиберилери айтылды.
"Кечээ саат 16:00гө келиши керек эле, бирок келген жок. Мыйзамга ылайык, биз кайра чакыруу жиберебиз", - деп билдирди мекеменин маалымат кызматынын өкүлү.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова кылмышка шектүү катары УКМКга чакырылганын 31-январда журналисттерге "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирген. Бирок Салянова кечээ кечинде УКМКга барбаганын айткан эле. Бул арада УКМКнын имаратынын алдына 40ка чукул адам Салянованы колдоп тынч митингге чыкты.