Бишкек шаарындагы Манас кең көчөсү жана Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган 5 кабаттуу имарат Мамлекеттик экотехинспекция тарабынан бузулууда. Бул тууралуу 1-февралда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул жерде 2013-жылы курулуш иштери башталган. Ошол эле мезгилде тийиштүү курулушту токтотуу боюнча эскертүү берилип, протокол чыккан. Ага карабастан курулуш токтобой келген. 2016-жылдагы токтомдун негизинде курулушту бузуу боюнча чечим чыгып, бүгүн курулушту бузуу буйругу аткарылууда.