Баткенде бүгүн, 3-февралда саат 10:36 чамасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер силкинүү Баткен районунун Кызыл-Жол, Базар-Башы айылдарында жана Баткен шаарында сезилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.