Өлкө аймагында ажылык сапарга чыгуучуларды каттоо иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда SUPER.KG порталына муфтияттын ажы умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев билдирди.
"Бүгүн республикадагы облустук казыяттарда жана шаардык, райондук мечиттерде ажылык сапарга баруучуларды каттоо башталды. 2017-жылы Кыргыз өлкөсүнө 4585 адамга квота берилди. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 900 адамга көп. Каттоо иштери 6-мартка чейин жүргүзүлөт. Эгерде квота толбой калса, каттоонун мөөнөтү узартылат", - деп билдирди Абдылдаев.
Маалыматка ылайык, ажылык сапарга зыярат кылуучулар 2017-жылдын 5-августунан тарта жөнөшөт. Ага чейин каттоодон өткөндөргө түшүндүрүү иштери жана аларды эмдөө жүргүзүлөт.