Зардалыдагы мектепте 34 окуучу бар делгени менен, иш жүзүндө бир да бала окубайт. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Зардалыдагы мектепте 2 мугалим жана башка кызматкерлер иштейт. Аларга айлык акы төлөнөт. 34 окуучусу бар делгени менен, иш жүзүндө бир дагы окуучусу жок. Райондон алыс болгондуктан чоңдор текшербейт. Бир жума көзөмөлдөдүк, бирок бир дагы жан көргөн жокпуз. Мектеп кулпу салынып, жабык турду. Айыл тургундары 3 жылдан бери ушундай көрүнүш экенин айтышты", - дейт окурман.
Ошондой эле окурман сүрөттөр 1-февралда тартылганын кошумчалады.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.