Кечээ, 6-февралда болжол менен 21:55те борбордогу "Цзи Сян" кытай кафесине 4 куралчан белгисиз адам кирип келип, кафенин кызматкерлерин коркутуп, 100 миң сом алып кетишкен. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Белгисиз адамдар бет капчан болушкан. Алар кандай курал көтөрүп жүрүшкөнү белгисиз. Кафени тоногон соң из жашырып кетишкен. Бул билдирүү 102 кызматына түшкөн", - деп айтылат маалыматта.
Окуя болгон жерге Биринчи Май районунун ыкчам иликтөө тобу барып, столдун үстүнөн 43 бытыра табылып, гильзалар табылган эмес. Кафедеги 4 видеобайкоочудан жаздырылган видеолор алынды. Факт аталган райондун Ички иштер башкармалыгында катталып, иликтөө иштери башталды.