Үстүбүздөгү жылдын 16-январында кулаган Боинг учагы 39 адамдын өмүрүн алып кетти. Алардын жарымы жаш балдар. Кырсыктан улам чилдеде үй-жайсыз, кийим-кечексиз калгандар андан да көп. Окуядан жабыр тарткандарга жардам бергиси келгендер үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бирдиктүү банктык эсеп ачкан. Эсепке кимдер, канча акча которушту? Бул маалымат ачыкка чыгарылбай жатат. ӨКМ күн алыс кайсы бир сумманы гана жарыялап, ал акчаны которгон жеке жана юридикалык жактардын тизмесин жарыялоодон баш тартууда.
Мамлекеттик мекемелер түшкөн кайрылууларга 14 жумушчу күндүн ичинде жооп кайтарууга милдеттүү. SUPER.KG порталы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бул маалыматты сурап кайрылгандан бери 16 күн өттү.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын эсепке түшкөн акчанын суммасы бүгүнкү күндө 69 миллион сомдон ашканын билдиришти. Калк тарабынан которулган каражаттын ар бир сому, тыйыны эсепке алынып жатабы-жокпу, бул жагы коомчулукка табышмак бойдон калууда. ӨКМ элди тизмени жарыялоо менен ишендире алат.