ЖЫЛНААМА, 8-ФЕВРАЛЬ: "Москва көз жашка ишенбейт" тасмасы аркылуу атактуулукка жеткен актриса Ирина Муравьёва 68 жашка толду

Советтик жана орусиялык актриса, Орусиянын Эл артисти Ирина Муравьёва 1949-жылы 8-февралда Москва шаарында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң Театралдык окуу жайга тапшырып, бирок өтпөй калган. 1967-жылы Борбордук балдар театрынын драмалык студиясына тапшырып, Анна Некрасова, Сергей Соколов, Геннадий Печников аттуу көрүнүктүү инсандардан билим алган.

1970-жылы аталган театрда эмгек жолун баштап, 4 жылдан кийин "Чыныгы англис кылмышы" деген тасмада кинодогу алгачкы ролун жараткан. Актриса ондогон тасмаларга тартылып, "Москва көз жашка ишенбейт", "Карнавал", "Эң татынакай жана жагымдуу" фильмдериндеги ролдору менен көрүүчүлөрдүн эсинде калган.

1973-жылы режиссёр Леонид Эйдлин менен баш кошуп, Евгений жана Даниил аттуу уулдуу болушкан. 2014-жылы актрисанын жолдошу ооруп, каза болгон.

8-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан