ЖЫЛНААМА, 8-ФЕВРАЛЬ: 7 жыл мурун белгилүү советтик актриса Анна Самохина көз жумган

Мындан 7 жыл мурун, 2010-жылы 8-февралда советтик жана орусиялык актриса Анна Самохина 47 жашында каза болгон. Дарыгерлердин айтуусунда, актриса ашказан рагынан улам дүйнө салган. Самохина өлөрүнөн төрт күн мурда "Орусиянын Эмгек сиңирген артисти" деген наамга ээ болгон.

Ал 1963-жылы 14-январда Кемеров облусунун Гурьевск шаарында жарык дүйнөгө келген. "Мыйзамдагы ууру", "Дон Сезар де Базан", "Карышкырдын үйүрү", "Кара карга" жана башка тасмаларда мыкты ролдорду жаратып, атактуулукту багындырган.

Актриса 3 ирет турмуш курган. 1979-1994-жылдары курсташы Александр Самохин менен никеде туруп, экөөнүн ортосунда Александра аттуу кыз төрөлгөн. Ал кийинчерээк апасынын жолун жолдоп актрисалык кесипти тандап алган. 1994-жылы жеке ишкер Дмитрий Короновго турмушка чыгып, 2001-жылы ажырашып кеткен. 2004-жылы Евгений Фёдоров менен сүйүү мамилесин куруп, ал 2 жылга созулган.

8-февралга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан