SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эч кимге кереги жок адам" деген тема талкууга алына баштады.
Темада автор мындай деп жазган: "Орусияда 1997-жылдан бери иштеп жүрөм, ошондон бери үйгө бара элекмин. Кенже карындашым ошондо бир айлык бөбөк эле, азыр турмушка чыгып, бир балалуу болду. Төрт инимди, үч карындашымды окутуп, үйлөнтүп, үйлүү кылам деп жүрүп 20 жыл өтүп кетиптир. Ушул айдын башына билет алып, кубанычым коюнума батпай атама чалсам, тескери жооп алдым, катуу сөгүп салды. Көрсө, атамдар эки иниме, анан күйөө балама кредитке машина алганы жатыптыр, ошону дагы төлөп бүтүп, анан биротоло келесиң дейт. Мени эч ким күтпөгөнүнө ыза болдум, ыйладым. Жашым 45ке келсе да эч нерсем жок, үй-бүлө курган эмесмин, себеби эки бетимде эки чоң тырык бар, кебетемди бузат. Менден элдер өзүн оолак кармашат, ошого кыз-келиндерге сүйлөп көргөн эмесмин. 2 жашымда жыгылып, ошондон бетимде так калган. Ата-энем да орой мамиле жасачу, бардык жумушту мен жасачумун. Эч кимге кереги жок адам экениме эми толук көзүм жетти".
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кандай ата-эне алар, тобо?! Келе бериңиз, үйлөнүңүз. Анан кайра барып иштей бересиз. Өзүңүздү ала качпай, кыздарга жакшы мамиле кылсаңыз, анан ачылышат да".
"Азыркы заман ушундай, автор, өзүңдөн башка эч кимге керегиң жок. Түрүм суук дебеңиз, азыр деген заман өнүккөн, пластикалык операция жасатып супсулуу болуп алыңыз, бир туугандарыңызды бутуна тургузуу, үйлөндүрүү сиздин мажбурланган милдетиңиз эмес, ден соолугу жакшыбы, ар кимиси өз арабасын өзү тартсын. Сиздин деле жеке жашооңуз бар да, өзүңүздүн келечегиңиз үчүн өзүңүз аракет кылышыңыз керек. "Берип жаман көрүнгүчө, бербей жаман көрүн" дешет го, канча берсеңиз да, сизди ойлошпосо, эмне пайда? Жалгыз иштеп жүрө бербей, инилериңизди да чакырып иштетип коюңуз".
"Биринчиден, ата-энеңе жана бир туугандарыңа капамын. Экинчиден, өзүңө капамын. Өзүңдү сыйлабасаң, сени ким сыйлайт? Жыл деген алдамчы, жылт этип жылдыз сымал учуп кетет. Ошончо жылда тапканыңды бербе дегим келбейт, бирок өзүң үчүн деле канча бир пайызын салып жүрбөйсүңбү. Ушунча жыл жакындарыңа иштепсиң, жетишет. Өзүң үчүн жаша, пластикалык операция жасат. Өзүңдүн турмушуңду тургуз. Кантип бир аялзаты сен үчүн чыкпасын? Акыл баарын жай-жайга коёт. Байкуш балам, ай, айтканың чын болсо, ата-эне деле курусунчу. Эне кургур кайсы баласы алсыз болсо, ошого жүрөгү ооруп турчу эле го, апаңа эмне болгон десең..."
"Жашыңыз 45те болсо, атаңыз 70тин тегереги болсо керек. Кызык го. Же барбай жүрө бергениңизге өчөшүп калган, же өтө эле бош окшойсуз, "жыгачтын жумшагын курт жейт" деп коёт эмеспи".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.