Америкалык ырчы Мадонна багып алган эгиз кыздарын көрсөттү

Америкалык ырчы Мадонна Чыгыш Африкада жайгашкан Малави өлкөсүнөн эгиз кыздарды багып алганын расмий тастыктады.

"Бала багып алуу процесси соңуна чыкты. Буга байланыштуу Малави өлкөсүндө туулган эгиз кыздарды багып алганымды расмий тастыктайм. Эми алар биздин үй-бүлөнүн мүчөсү экенине кубанычтамын", - деп жазган ырчы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу.

Ырчы кыздарды багып алууда көмөктөшкөн адамдардын баарына ыраазычылыгын билдирип, массалык маалымат каражаттарынан алардын жаңы жашоо баштаганына байланыштуу жеке жашоосун сыйлоону суранган.

Мадонна буга чейин эки уул, эки кызды (алардын экөөнү багып алган) тарбиялап келген.

Маалыматтарга караганда, эгиздердин апасы каза болуп калган. Ал эми атасы кыздарын тарбиялоодон баш тартып, жаңы үй-бүлө куруп кеткен. Кызыгы, ал кыздарды багып алуу боюнча чечим чыгып жатканда сот залында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nur_zhoni
2017-02-09 14:39:29
Жакшы
+1
Ramina-malina
2017-02-09 14:59:55
Soop iw kylyptyr!
+2
Almagul.akylbekova
2017-02-09 15:45:12
Соонунго жакшы кылыптыр соопко калыптыр
+2
Samat-89-kg
2017-02-09 20:46:34
Мадонна ушул аял экенда аа
0
ziash85
2017-02-09 20:51:08
Эгиз кыздарын кантип таштады экен атасы,дагы сот залында кантип отуруп десенер
0
Kroxa
2017-02-10 10:19:00
6 балалуу мээримдуу эне болуп жаткан кези экен да соонун болуптур...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан