Турган турпаты менен элге күлкү тартуулаган "тамашоучу" жана актёр Жеңиш Майрамбек уулунун бир тууган иниси Азамат Майрамбеков агасы тууралуу кызыктуу маек куруп берди. "Жеңиш байкем мен төрөлгөндө арданып үйдөн кетип калган экен. Экөөбүздүн ортобуз 10 жаш, ошого мен төрөлгүчө үйдүн кичүүсү болуп, эркеликтин сазайын берип көнүп калган экен. Бирок курсагы ачка, чарчаңкы, кийимдери кир болуп ошол эле күнү кайтып келген дешет үйдөгүлөр", - дейт ал.
Дагы кандай балалыктын кызыктуу окуялары менен бөлүшкөнүн билгиңиз келсе, “Супер-Инфонун” жарык көргөн жаңы санын (№745, 10-февраль, 2017-жыл) алып окууга шашылыңыз.