Арсен Эралиев өз салмак категориясында дүйнөнүн мыкты 5 балбанынын катарына кирет

Дүйнөлүк күрөш бирикмеси (UWW) 2017-жылы грек-рим күрөшү боюнча балбандардын жаңы рейтингин жарыялады. Аталган рейтингге Кыргыз өлкөсүнүн 5 балбаны кирген.

Арсен Эралиев 59 килограммга чейинки салмак категориясында дүйнөнүн мыкты балбандарынын арасында 5-орунда турат. Ушул эле салмак ченинде дагы бир Кыргыз өлкөсүнүн балбаны Каныбек Жолчубеков тизмеде 10-орунда жайгашкан. 71 килограммга чейинки салмакта Руслан Царев дүйнөнүн мыкты балбандарынын арасында 15-орунда.

2016-жылы Студенттер арасында өткөн Дүйнө биринчилигинин чемпиону Эсен Асанов 75 килограмм салмак ченинде 20-орунда жазылган. Ошондой эле 130 килограмм салмакта Мурат Рамонов тизмеде 15-орунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Doni99
2017-02-10 14:52:05
Krasavchik
0
Doni99
2017-02-10 15:06:51
Кудай буйруса дуйного жакшы жагыбыз менен тааныла баштадык.

"Атанын керээзи" тасмасы Индияда биринчи болуптур.
0
Patriot...kg
2017-02-11 14:53:46
Эркекче айтам Каныбек Жолчубеков Арсен Эралиевге караганда мыкты балбан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан