Бишкекте журналисттин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.
"Жабырлануучу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Учурда "бейбаштык" боюнча кылмыш иши козголуп, алгачкы материалдар топтолууда", - дейт Казабаев.
Буга чейин активист Адил Турдукулов Фейсбуктагы баракчасына "Де-Факто" гезитинин редактору Амантур Мусагуловду 10-февраль күнү саат 21:30 чамасында белгисиз адамдар сабап кетишти" деп билдирүү калтырган.