Өкмөттүк аппараттын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (сынактан тышкары) тартипте кирүү эрежеси бекитилди. Тийиштүү токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Премьер-министр өзгөчө (сынактан тышкары) тартипте төмөнкү административдик кызмат орундарына дайындайт:
- Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басарларын (өкмөттүк аппараттын жетекчисинин сунушу боюнча).
- Премьер-министрдин кеңешчилерин жана жардамчыларын, ошондой эле вице-премьер-министрлердин кеңешчилерин жана жардамчыларын (тийиштүү вице-премьер-министрлер менен макулдашуу боюнча).
- Өкмөттүк аппараттын бөлүм башчыларын, бөлүм башчыларынын орун басарларын, сектор башчыларын (өкмөттүк аппараттын жетекчисинин сунушу жана тийиштүү вице-премьер-министри менен макулдашуу боюнча).
- Тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана эл аралык уюмдардагы Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрүн (өкмөттүк аппараттын жетекчисинин сунушу боюнча).
Өкмөттүн аппарат жетекчиси өзгөчө (сынактан тышкары) тартипте төмөнкү административдик кызмат орундарына дайындайт:
- Өкмөттүк аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн инспекторлорун, эксперттерин (тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн башчысынын сунушу менен).
- Өкмөттүк аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн референттерин (тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн башчысынын сунушу менен).
- Өкмөттүк аппараттын жетекчисинин жардамчыларын, кеңешчилерин.
Өкмөттүк аппараттын кызматкерлерин ротациялоонун тартиби мындай:
- Өкмөттүк аппараттын мамлекеттик жарандык кызматкерлерин ротациялоо өкмөттүк аппараттын жетекчисинин катынын негизинде жүргүзүлөт.
- Кызматкерлерди ротациялоо өкмөттүн 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлерин жана муниципалдык кызматкерлерин ротациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.
- Кызматкерлерди ротациялоонун планын жана схемасын өкмөттүк аппараттын Мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмү даярдайт.
Мамлекеттик кадр кызматынын билдиришинче, мурда президенттик жана өкмөттүк аппараттын кызмат орундары саясий кызмат деп эсептелсе, 2016-жылдын 30-майындагы кол коюлган жаңы мыйзамга ылайык, административдик кызмат деп аталды. Эски мыйзамда да, жаңы мыйзамда да кызмат орундарына сынаксыз дайындоо нормасы каралганын билдиришти мекемеден.