Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев "Кафе жана ресторандарда тамеки чегүүгө тыюу салуу керек”, - деп билдирди.
Эл өкүлү тамактануучу жайларда тамеки тартууга өзүнчө кабинкалар болуусу зарылдыгын белгиледи.
Бекешевдин сунушун ЖКнын Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин отурумунда депутаттар колдоп беришти. Аталган комитетте «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралды.