ЖЫЛНААМА, 13-ФЕВРАЛЬ: Продюсер Эрнест Уметалиев 31 жашын Дубайда белгилеп жатат

Бүгүн, 13-февралда продюсер, "Ekarecords" студиясынын негиздөөчүсү Эрнест Уметалиев 31 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыксак, учурда жубайы Чолпонай экөө Дубайда эс алып жүргөнүн билдирди.

"Туулган күнүмдү биринчи болуп Чолпонай куттуктап, жагымдуу белек тартуулады. Анын эмне экени сыр бойдон калсын. Өздүк майрамымды кечинде бул жактагы достор менен чогуу белгилейли деп жатабыз", - деди ал.

Э.Уметалиев 1986-жылы 13-февралда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. "Ак шоола" балдар ансамблинде тарбияланып, кийин "Кылым" эстрадалык тобунда ырдаган. Белгилей кетсек, ал президент Алмазбек Атамбаевдин ыр жыйнагын өзүнүн студиясында жаздырып берген. 2016-жылдын аягында ырчы Чолпонайга баш кошкон.

13-февралга карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан