Спикер Турсунбеков парламентте отчётту берер-бербеси боюнча жооп бере элек

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков (КСДП) депутаттар алдында жыл жыйынтыгы боюнча отчётту берер-бербеси боюнча жооп бере элек. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда комитеттин төрайымы Асел Кодуранова (КСДП) билдирди.

Спикердин отчёту боюнча маселени депутат Мыктыбек Абдылдаев ("Бир бол") көтөргөн. Анын айтымында, спикер февраль айынын ортосунда парламент алдында жыл жыйынтыгы боюнча маалымат бериши керек. Кодуранова ага жооп бергендей, 8-февралда комитет спикер Турсунбековдун атына отчёт боюнча кат жөнөткөн, бирок андан жооп келе элек. Андан соң депутат Абдылдаев эгер спикерден жооп түшсө, ал аталган комитеттин жыйынында алдын ала отчёт бериши керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан