15-февралга караган түнү Европадагы эң ири клубдар аралык ири мелдеш – Чемпиондор Лигасынын жарым чейрек финалында эки беттеш орун алды. Анын бири Париж шаарында, бири Лиссабондо болду.
"ПСЖ" (Франция) - "Барселона" (Испания) - 4:0
Голдор: Анхель Ди Мария (2 гол - 18-мүнөттө, 55-мүнөттө), Дракслер (40-мүнөттө), Эдинсон Кавани (71-мүнөттө)
Франциянын чемпиону өз үйүндө испандык "Барселонаны" кабыл алып, атаандашына бир дагы мүмкүнчүлүк берген жок. Биринчи мүнөттөрдөн тарта чабуулга ыктап ойногон француздук команда 1-таймда Тер Штегендин дарбазасына 2 голду жаратты. Оюндун экинчи бөлүгүндө Анхель Ди Мария менен Эдинсон Кавани айырмаланып, эсепти 4:0 кылышты.
“Бенфика” (Португалия) – “Боруссия Д” (Германия) – 1:0
Гол: Митроглу (48-мүнөттө)
Лиссабон шаарында "Бенфиканын" чабуулчусу Митроглунун жалгыз голу оюндун жыйынтыгын чечти. Коноктор канчалык аракет кылбасын үй ээсинин дарбазасына гол жарата алышкан жок. Немис командасынын чабуулчусу Обамеянг 58-мүнөттө пенальтиден жаза басты.
Бул командалардын ортосундагы жооптук беттештер 8-мартка белгиленген.