Кыргыз мамлекетинде ЕАЭБге кирүү алдында 10дон ашык изилдөөлөр болгон. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда өтүп жаткан форумда вице-премьер-министр Олег Панкратов билдирди.
Анын айтымында, изилдөөлөрдү экономикалык эксперттер жүргүзгөн.
“Изилдөө үч багытта каралган. Алгач жаңыдан биримдикке киргенден кийинки экономиканын абалы. Андан кийин 2015-жылы экономиканын өсүшү боюнча план коюлган. 2016-жылы экономиканын өсүшү байкалды. Мындан тышкары, өлкө ЕАЭБге кирбей калса экономика кандай абалда болору каралган. Мындай изилдөөлөрдүн жыйынтыгында биримдикке кирүү туура жол экенине ишендик. Интеграциялык бирикмеге кирген өлкөдө экономикалык ийкемдикке ээ болот. Улуттук деңгээлге салыштырмалуу, аймактык уюмдар алкагында мамлекеттин өз кызыкчылыгын ишке ашырууга мүмкүндүгү чоң болот. Мындай мүмкүндүктү биздин мамлекет ЕАЭБге кирүү аркылуу өз учурунда колдоно алды", - деди Панкратов.
Панкратов ЕАЭБге мүчө болууда өкмөттүн негизги милдети өлкө ээлеп турган рынокту ошол абалда сактап калуу болгонун да белгиледи.
Учурда “ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстер” аталыштагы эл аралык форум өтүүдө.