Активист: “ЕАЭБ тууралуу форумда Кыргыз саясатчылары орус жана казак эксперттерине жагынуу аракетин көрдү”

“ЕАЭБ тууралуу өткөн форумда Кыргыз саясатчылары Орусиядан, Казакстандан келген эксперттерге жагынуу аракетин көрдү”, - деп 15-февралда SUPER.KG порталына жарандык активист Мавлян Аскарбеков билдирди.

Ал “ЕАЭБдин алкагында интеграциялык процесстер” аталышындагы эл аралык форумунда карапайым элдин маселесин чече турган эч нерсе айтылбаганын айтты.

«Бүгүнкү форумга чет мамлекетте иштеп жүргөн мигранттардын, мөмө жемишин Орусияга Казакстанга чыгара албай жаткан дыйкандардын маселеси каралабы деген үмүттө келгем. Форумга келген саясатчылар орус, казак эксперттерине жагынуу аракетин көрүп, бул маселе тууралуу сөз кылган жок”, - деди Мавлян Аскарбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн, 15-февралда саясатчылардын, Кыргыз мамлекетинин, Казакстандын, Орусиянын эксперттеринин катышуусунда форум өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан