Олимпиада көлөкөсү. Рио-де-Жанейро 5 айдан кийин (фото)

Бразилиядагы Жайкы Олимпиаданын аяктаганына 6 айга жетпеген убакыт өтсө да, Рио-де-Жанейро шаарындагы көпчүлүк спорт имараттар кароосуз калды. Буга өлкөдөгү оор экономикалык абал жана спорттук имараттар өзүн актабагандыктан инвесторлордун баш тартышы негизги себеп болууда.

Өлкөнүн гана эмес, дүйнө жүзүнүн эң атактуу стадиондорунун бири “Маракана” учурда кейиштүү абалда. Аталган стадионду башкарган компания сарпталган каражаттарды актабагандыктан “Маракананы” кароодон баш тарткан. Бир канча ай мурун Неймар баштаган бразилиялык футболчулар Олимпиаданын финалында дал ушул стадиондо Германияны жеңип, өлкө үчүн майрам тартуулаган эле.

Арадан бир канча айдан кийин Рионун символу катары эсептелинген стадиондун абалы төмөнкүдөй.

Стадиондун отургучтары биринин артынан бири жок болууда.

Тойдун эртеси да болот демекчи, учурда өлкө бийлиги стадионду ким карашы керектигин чечкичекти ал зыян чегип жаткан учур.

“Маракана” стадионунда жергиликтүү “Ботафого”, “Фламенго”, “Флуминенсе” жана “Васко да Гама” футболдук клубдары ойноп келген. Бирок Олимпиада оюндарынын жабылуу аземинен бери стадион жабык бойдон. Стадион жалпы 78 838 көрүүчүнү батырат.

Гольф талаасы үчүн жалпы 16 миллион АКШ доллары керектелген. Бирок ак сөөктөрдүн оюнунун келечеги Риодо белгисиз бойдон калды. Футболду сүйгөн бразилиялыктар бул спортко кызыкпагандыктан, бул жайды да жабууга туура келген.

Дүйнөнүн мыкты суучулдары жарышкан бассейндер эми курт-кумурскалардын мекенине айланды.

Учурунда Майкл Фелпстин рекорддорун көргөн бассейндерди эми эч ким карабай калган.

Олимпиада оюндарына атайын спортчуларга курулган үйлөрдүн көпчүлүгү учурда бош бойдон. Оюндардан кийин аталган үйлөрдү сатуу пландалган. Бирок уюштуруучулар азырынча жалпы 3600дөн ашык батирдин 200дөйүн гана сата алышкан.

Бул Олимпиадалык борбор. Кароосуз калган бул жайда февраль айынын башында гана волейбол боюнча мелдеш өткөрүлүп, жанданып баштаган.

Бразилия Олимпиада оюндарына жалпысынан 12 миллиардга жакын АКШ долларын сарптаган. Анын көпчүлүк бөлүгү спорттук ареналарды оңдоо жана куруу иштерине жумшалган. Жергиликтүү тургундар Олимпиада оюндары максатына жетпей калды деген ойдо. Антпесе спорттук ареналар кароосуз калбайт болчу деп белгилешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
salimbek87.kg
2017-02-16 09:22:27
Стадиондун кебетесине мышык ыйлайт вуу
+4
kai42444
2017-02-16 09:27:47
Мындай нерсе кыргызстандале болот деп уялчумун башка олкодо да болот экен э
+13
azamat.k
2017-02-16 09:35:24
Ысырапкорчулук андан коро Африкада башка жактарда сууга жетишбегендерге,оорудан кыйналгандарга жардам берсе эн соонун иш болмок.
+8
dina1983-19
2017-02-16 10:41:12
Бизге окшош экен буларда же биздикилер барып бузуп келдиби
+3
Nur1k
2017-02-16 11:43:15
Эхх чынында жалко. Футболдун мекени аталган Бразилия кейиштуу абалда экен. БразилиЯдан легендалар чыккан. Эмнеси болсо да кайра калыбына келип нормально болуп калса экен
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-02-16 12:08:06
Адеби жоктор ушуну кылат да
+1
Adidas_91
2017-02-16 13:44:01
12 миллиард АКШ доллары эмне деген акча, Кыргызстан 4 миллиард сом карызын төлөй албай жүрөтко.
0
nur_zhoni
2017-02-16 21:32:24
Adidas_91, 4 милиард сом эмес тууган 4 миллиард доллар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан