Бүгүн, 16-февралда ырчы Элиза Орозова 28 жашка толду. Аны куттуктап байланышканыбызда, ыраазычылыгын айтып, туулган күнүн курбулары менен белгилеп жатканын билдирди.
"Бүгүн саат 00:00дө сүйүктүүм өздүк майрамым менен биринчилерден болуп куттуктап, зер буюмдарын белекке берди. Учурда курбуларым менен кафелердин биринде отурабыз", - дейт ал.
Белгилей кетсек, Э.Орозова 1989-жылы 16-февралда Орусиянын Красноярск шаарында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз улуттук университетин жана Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдындагы эстрадалык студияны аяктаган. 2009-жылы "Алтыным" аттуу ыры менен чыгып, аталган чыгармасы менен популярдуулукка жеткен.
16-февралга карата жылнаама