Бүгүн, 17-февралда "Кинозал" бөлүмү Ырыс Жоомартова режиссёрлук кылган "Апа, быйыл сөзсүз үйлөнөм" тасмасы менен толукталды. Тартуу учурундагы кызыктар, кыйынчылыктар тууралуу режиссёр буларды билдирди.
"Негизи мен ар бир тасмамда кыргыз жеринин кооз жаратылышын чагылдырууга аракет кылам. Бул ирет да Каракол жергесинин кооздугун көрсөттүк. Ошол учурда күн суук болуп баарыбыздын дене табыбыз көтөрүлүп, катуу ооруп калган күндөр болгон. Ага карабай баарын жакшы иштеп бүтүрдүк. Ал эми башкы каармандын образын жараткан Данияр Асанбековду кастинг өткөрүп, өзүмө окшоштуруп тандап алдым.
Кызыгы, үйлөнбөйм деп жүргөн тасманын оператору тартуу аянтчасындагы визажист кызды жактырып калып, өткөн жылдын күзүндө экөө баш кошушту. Тоюнда өзүм жар-жар айттым. "Апа, быйыл сөзсүз үйлөнөм" деген тасмадагы ой чыныгы жашоодо минтип ишке ашты. Албетте, бул нерсе кубандырат", - дейт Ы. Жоомартова.
Ошондой эле тасмада ырчы Алмаз Шаадаев да роль жараткан.
"Апа, быйыл сөзсүз үйлөнөм" тасмасын бул жерден көрүӊүз.