Бүгүн, 17-февралда саат 9:30 чамасында Токтогул районуна караштуу Бала-Чычкан айылында болгон жол кырсыгынан 3 аял, 1 эркек киши каза болуп, 1өөсү ооруканада. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облусунун Патрулдук милиция кызматынын ага лейтенанты Замир Иманбеков билдирди.
"Бишкек-Ош жолунун 276-чакырымында В 3592 АР мамлекеттик номериндеги Mersedes-Benz 230 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып, рулду башкара албай, жолдун каршы тилкесине чыгып, Бала-Чычкан суусуна түшүп кеткен. Жыйынтыгында унаа көпүрөнүн бетонун сүзүп, ичиндеги 3 аял, айдоочу каза болду. 1 жүргүнчү учурда жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор. Териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди Замир Иманбеков.
Маалыматка ылайык, жолдогу бурулуш тууралуу жана ылдамдыкты көрсөтүүчү белги бар. Каза болгондордун өздүгү тактала элек. Болжолдуу түрдө алар 20 жаштан 35 жашка чейинкилер.