Бишкектин Кайыңды жаңы конушунда көмүрдүн элендиси тазаланбай, тургундар кабатыр болушууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 22-февралда окурман билдирди.
"Свердлов районундагы Кайыңды жаңы конушунда бала бакчанын жанында көмүр камаздар менен түшүрүлүп, эленип мүшөктөргө салынып, күздөн бери сатылып жатат. Күн жылыганда биздин балдар ошол жерге ойношот. Жашагандарга зыяны канча?" - деген суроо салды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.