Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков коррупция менен күрөшүүдө жетишсиз иш алып барган Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин, Мамлекеттик каржылык чалгындоо кызматынын статс-катчыларына, Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин жетекчисине сөгүш жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-февралда өкмөттүн жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аталган министрликтер коррупция боюнча берген отчётторунда мурунку жылкы эле маалыматтарды беришет.
“Ошол берилген отчётторду эске алып, алардын коррупцияга каршы иш-чараларды аткаруу боюнча анык эмес жана сапатсыз маалымат көрсөткөнү үчүн сөгүш жарыялоону сунуштайм”, - деди ал.
Мындан тышкары, ал баяндамасында 2016-жылы коррупция беренеси 843 кылмыш иши козголгон. Жалпы чыгым 1 миллиард сомду түзгөнүн айтты.