"Элдик видео" бөлүмүнө "Дүйнөнүн эң начар лыжачысы Адриан Солано" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Gupa).
Венесуэлалык лыжачы Адриан Соланону лыжа менен жарышуу боюнча дүйнөлүк чемпионаттын көрүүчүлөрү "дүйнөдөгү эң начар лыжачы" деп аташты. Спортчунун чемпионатка катышканга чейин лыжа тээп көрбөгөнү, ал тургай карды биринчи жолу ушул чемпионатта көрүп жатканы белгилүү болду.
Лыжа жарышы Финляндиянын түндүгүндөгү Лахти шаарында орун алды. 10 чакырым аралыгындагы квалификациялык жарыш учурунда венесуэлалык спортчу Солано бир нече ирет жыгылып кайра туруп, лыжаны теппей эле аны кийип алып өрдөкчө басып, ал тургай лыжа таягын сындырып да алган. Анын видеосу интернет айдыңына чагылгандай тарап, чоң талкууга алынды. Мындай талкуудан кийин Адриан маалымат каражаттарына пикирин билдирип: "Мен өз мекенимде чындыгында карды көргөн эмесмин. Ушул чемпионат мен үчүн биринчи жолу лыжа тебүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берди. Мен чемпионатка катышуу үчун дөңгөлөктүү лыжа тээп машыккам. 1 ай мурун Скандинавияга барып кар үстүндө машыгуу планым болчу. Бирок мени жергиликтүү полиция мыйзамсыз мигрант деп депортация кылып жиберишкен", - дейт.
Дүйнөлүк чемпионатта Адриан Солано лыжачылар тобунан 6-чакырымда чыгып калган. Ал 1-орунду камсыздаган спортчудан 38 мүнөт кеч келген.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.