Дүйшөнкул Чотонов эки айга камакка алынды

Экс-депутат Дүйшөнкул Чотонов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Чотонов 25-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда, Чотонов Кылмыш-жаза кодексинин "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча айыпталууда.

Айта кетсек, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген. Орусиялык ишкердин билдирүүсүндө Текебаев менен кошо Чотонов тууралуу да айтылат. Ө.Текебаев Венада ЕККУнун парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынына катышып, Кыргыз жерине Стамбул аркылуу учуп келген. Ал учактан түшөрү менен УКМК кызматкерлери депутатты кармап кетишкен. Текебаев 48 саатка УКМКга камакка алынган.

Дүйшөнкул Чотонов 2011-жылдан 2016-жылдын январь айына чейин Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы ыйгарымдуу жана толук укуктуу элчиси болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан