Эртең, 1-марттан баштап калаанын жолдорун оӊдоо иштери башталат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардык бюджеттин эсебинен калаанын кварталдар аралык жана ички жолдорун оӊдоо боюнча программанын алкагында "Красный строитель" жаӊы конушунун 5 көчөсүн оӊдойт.
"Конуштун Бельская, Нурек, Сары-Челек, Бухара, Наманган көчөлөрү оӊдолот. Мындан тышкары 2016-жылы башталган Калинин көчөсү Көлбаев көчөсүнөн Салиев көчөсүнө чейин жана Шабдан баатыр көчөсүнүн чыгыш тарабы Исакеев көчөсүнөн Кийизбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн оӊдоо улантылат", - деп жазылат мэриянын билдирүүсүндө.
Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 1-марттан баштап Кытайдын грантына 11 көчө оӊдолот.
- Достоевский көчөсү Анкара көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Токомбаев көчөсү 12к/р. Шабдан Баатыр көчөсүнө чейин;
- Иманалиев көчөсү Түштүк магистралдан Абдрахманов көчөсүнө чейин;
- Медеров көчөсү Панфилов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейин;
- Профсоюз көчөсү Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин;
- Л.Толстой көчөсү Шабдан Баатыр көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;
- Көлбаев көчөсү Лермонтов көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;
- Саадаев көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин;
- Щербаков көчөсү Махатма Ганди көчөсүнөн Бакин көчөсүнө чейин;
- Гагарин көчөсү Тагай Бий көчөсүнөн Айбийке көчөсүнө чейин, "Ак-Ордо" конушу;
- Жамгерчинов көчөсү Интергельпо көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейин.
Бишкек шаарынын мэриясы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочуларды алдын ала жол тандап алуусун суранат.