Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 2017-жылдын 1-январынан тарта 30-июнга чейин спортчулардын ай сайын берилчү стипендиясына 12 миллион 618 миң сом сарптайт. Аталган агенттик билдиргендей, анда стипендия ала турчу жалпы 256 спортчу белгиленген.
Мамлекет тарабынан стипендия алган спортчулар түрдүү мелдештерде жараткан ийгиликтерине жараша 7 категорияга бөлүнүшөт. Алсак, эң жогорку категорияда атайын комиссиянын чечими менен Эламан Догдурбек уулу (эркин күрөш) Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү), Каныбек Жолчубеков жана Арсен Эралиев (грек-рим күрөшү), Иззат Артыков (оор атлетика), Илгиз Каналбек уулу (дзюдо), Эсен Калиев жана Жыргалбек Орозбаев (пауэрлифтинг) айына 45 миң сомдон стипендия алышат.
Оор атлетика боюнча Азиянын учурдагы чемпиону Иззат Артыков “Рио-2016” Олимпиадасынын иши боюнча соттун чечими кандай чыкпасын, Олимпиаданын коло байге ээси катары стипендия алат.
Комиссия Отар Бестаев, Владимир Золоев жана Чингиз Мамедов (дзюдо), Евгений Наумкин, Александр Черных жана Роман Петров (фехтование), Садыр Мамытов (ат спорту) стипендия төлөнбөйт деген чечим чыгарган.